Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

22—28-июль

ЗАБУР 66—68

22—28-июль

7-ыр жана тиленүү | Кириш сөз (1 мүн.)

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ

1. Жахаба жүгүбүздү күн сайын көтөрөт

(10 мүн.)

Тиленгенибизде, Жахаба угат жана жооп берет (Зб 66:19; w23.05 12-б., 15-абз.)

Жахаба турмуштан сокку жегендердин муктаждыктарына көңүл бурат (Зб 68:5; w10 1/12 23-б., 6-абз.; w09 1/4 31-б., 1-абз.)

Жахаба бизге күн сайын жардам берет (Зб 68:19; w23.01 19-б., 17-абз.)

ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ ҮЧҮН: Жахаба жүгүбүздү көтөрүшү үчүн, эмне кылышыбыз керек?

2. Рухий берметтер

(10 мүн.)

  • Зб 68:18. Байыркы Ысрайылда «адам түрүндөгү белектер» кимдер болгон? (w06 1/6 31-б., 12-абз.)

  • Ушул жумадагы бөлүмдөрдөн кандай рухий берметтерди таптыңар?

3. Ыйык Китепти окуу

КАБАР АЙТУУ ЧЕБЕРЧИЛИГИҢДИ АРТТЫР

4. Сөз баштоо

(3 мүн.) ҮЙМӨ-ҮЙ. Үйдөн тили, маданияты башка чет өлкөлүк киши чыгат (lmd 5-сабак, 3-ой).

5. Кайра баруу

(4 мүн.) ҮЙМӨ-ҮЙ. Өткөндө таштап кеткен баракчанын негизинде маекти улант (lmd 9-сабак, 3-ой).

6. Шакирт даярдоо

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

102-ыр

7. Кимдир бирөөнүн жүгүн жеңилдете аласыңбы?

(15 мүн.). Талкуу.

Кудайдын кызматчылары кыйынчылыктар менен жалгыз беттешпейт (2Жл 20:15; Зб 127:1). Биздин Жардамчыбыз бар. Ал — Жахаба (Ыш 41:10). Ал кантип жардам берет? Өзүнүн Сөзү жана уюму аркылуу жол көрсөтөт (Ыш 48:17). Кубаттуу ыйык рухун берет (Лк 11:13). Бизге дем-күч берип, жардам көрсөткөнгө ишенимдештерибизге да түрткү берет (2Кр 7:6). Бул эмнени билдирет? Ишенимдештерибиздин жүгүн жеңилдеткенге Жахаба кимибизди болбосун колдоно алат.

ВИДЕОНУ көрсөт. «Жок болбой турган сүйүүнү жыйналышта көрсөтө бергиле. Карыларга». Анан угармандардан сура:

  • Улгайган ишенимдешиңдин жүгүн жеңилдетиш үчүн эмне кылсаң болот?

ВИДЕОНУ көрсөт. «Жок болбой турган сүйүүнү жыйналышта көрсөтө бергиле. Толук убакыт кызмат кылгандарга». Анан угармандардан сура:

  • Толук убакыт кызмат кылган ишенимдешиңдин жүгүн жеңилдетиш үчүн эмне кылсаң болот?

ВИДЕОНУ көрсөт. «Жок болбой турган сүйүүнү жыйналышта көрсөтө бергиле. Жер которгондорго». Анан угармандардан сура:

  • Башынан кыйынчылык кечирип жаткандардын жүгүн жеңилдетиш үчүн эмне кылсаң болот?

8. Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсү

Корутунду (3 мүн.) |  88-ыр жана тиленүү