26-август—1-сентябрь
ЗАБУР 78
97-ыр жана тиленүү | Кириш сөз (1 мүн.)
1. Ысрайылдыктардын ишенимдүүлүгүн сактабаганы биз үчүн эскертүү
(10 мүн.)
Ысрайылдыктар Жахабанын ажайып иштерин унутуп калышкан (Зб 78:11, 42; w96 1/12 29, 30-б.)
Алар Жахабанын жакшылыктарын баалашкан эмес (Зб 78:19; w06 1/8 9-б., 16-абз.)
Ысрайыл эли каталарынан сабак албай, көшөрүп эле ишенимсиздик кыла берген (Зб 78:40, 41, 56, 57; w11 1/7 10-б., 3, 4-абз.)
ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ ҮЧҮН: Жахабага ишенимсиз болуп калбаганга эмне жардам берет?
2. Рухий берметтер
(10 мүн.)
-
Зб 78:24, 25. Эмне үчүн манна «асмандан азык» жана «кубаттуулардын наны» деп аталган? (w06 1/8 21-б., 5-абз.)
-
Ушул жумадагы бөлүмдөрдөн кандай рухий берметтерди таптыңар?
3. Ыйык Китепти окуу
(4 мүн.) Зб 78:1—22 (th 5-сабак)
4. Сөз баштоо
(3 мүн.) ҮЙМӨ-ҮЙ. Ыйык Китепти изилдөөнү сунушта (lmd 5-сабак, 5-ой).
5. Сөз баштоо
(3 мүн.) ҮЙМӨ-ҮЙ. Баракчаны колдонуп сөз башта. Ыйык Китепти изилдөөнү сунушта (lmd 5-сабак, 4-ой).
6. Сөз баштоо
(1 мүн.) ҮЙМӨ-ҮЙ. Киши убактысы аз экенин айтат. Ыйык Китепти изилдөөнү сунушта (lmd 2-сабак, 5-ой).
7. Сөз баштоо
(4 мүн.) РАСМИЙ ЭМЕС ЖАГДАЙДА КАБАР АЙТУУ. Башында Ыйык Китепти сөз кылбай эле, башка бир нерсе жөнүндө сүйлөш. Анан Жахабанын Күбөсү экениңди билдирип, Ыйык Китепти изилдөөнү сунушта (lmd 2-сабак, 4-ой).
96-ыр
8. Жакшы кабар тараткан Филиптен үйрөнгүлө
(15 мүн.). Талкуу.
Ыйык Китепте жакшы да, жаман да кишилер тууралуу окуялар көп. Алардан үлгү же сабак алганга убакыт менен күч-аракет жумшоо керек. Ыйык Китептеги андай окуяларды окугандан тышкары, «мындан эмнени үйрөнсөм болот» деп ой жүгүртүшүбүз кажет. Анан ошого жараша жүрүм-турумубузду өзгөртүшүбүз абзел.
Жакшы кабар тараткан Филип «ыйык рухка толгон, акылдуу» киши болгон (Элч 6:3, 5). Андан эмнени үйрөнсөк болот?
ВИДЕОНУ көрсөт. «Алардан үлгү алгыла. Жакшы кабар таратуучу Филип». Анан угармандардан төмөнкү нерселердин ар биринен эмнени үйрөнгөнүн сура:
-
Филип жагдайы чукул өзгөрүп кеткенде тийиштүү иш-аракет кылган (Элч 8:1, 4, 5).
-
Филип көптөр жакшы кабар уга элек жерге барганга ынтызар болгондуктан бата алган (Элч 8:6—8, 26—31, 34—40).
-
Филип менен үй-бүлөсүнүн меймандостук көрсөткөнү өздөрүнүн да, конокторунун да ишенимин бекемдеген (Элч 21:8—10).
-
Филиптен үлгү алган үй-бүлө кубанычка бөлөнгөн
9. Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсү
(30 мүн.) bt 14-бөл., 11—20-абз.