Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

29-июль—4-август

ЗАБУР 69

29-июль—4-август

13-ыр жана тиленүү | Кириш сөз (1 мүн.)

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ

1. 69-забурда Исанын жашоосундагы окуялар алдын ала айтылган

(10 мүн.)

Исаны себепсиз эле жек көрүшкөн (Зб 69:4; Жн 15:24, 25; w11 15/8 11-б., 17-абз.)

Иса таза сыйынууну ынталуулук менен колдогон (Зб 69:9; Жн 2:13—17; w10 15/12 8-б., 7, 8-абз.)

Исанын сай сөөгү сыздаган. Ага ачуу зат кошулган шарап сунушташкан (Зб 69:20, 21; Мт 27:34; Лк 22:44; Жн 19:34; g95 22/10 31-б., 4-абз.; it-2 650-б.)


ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ ҮЧҮН: Жахаба Машаяк жөнүндөгү пайгамбарлыктарды Еврей Жазмаларына эмне үчүн жаздырган?

2. Рухий берметтер

(10 мүн.)

  • Зб 69:30, 31. Бул аяттар тиленүүбүздүн сапатын жакшыртканга кандайча жардам берет? (w99 1/2 15-б., 11-абз.)

  • Ушул жумадагы бөлүмдөрдөн кандай рухий берметтерди таптыңар?

3. Ыйык Китепти окуу

КАБАР АЙТУУ ЧЕБЕРЧИЛИГИҢДИ АРТТЫР

4. Чыдамдуу бол. Иса эмне кылган?

(7 мүн.) Талкуу. ВИДЕОНУ көрсөтүп, lmd 8-сабактагы 1, 2-ойлорго негизделген талкуу.

5. Чыдамдуу бол. Исадан үлгү ал

(8 мүн.) lmd 8-сабак, 3—5-ойлорго жана «Бул аяттарды да кара» деген бөлүккө негизделген талкуу.

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

134-ыр

6. Жыйналыштын муктаждыктары

(5 мүн.)

7. Үй-бүлө менен сыйынууга тиешелүү принциптер

(10 мүн.). Талкуу.

2009-жылы январда жыйналыштын китеп изилдөөсү, Теократиялык кызмат мектеби жана кызмат жолугушуусу бириктирилген. Натыйжада үй-бүлөлөрдө жума сайын белгилүү бир убакытты үй-бүлө менен сыйынууга арнаганга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Көптөр бул чарага абдан ыраазы болушкан. Анткени Жахаба менен жана бири-бири менен болгон мамилеси ынагыраак болуп калганын байкашкан (Мз 6:6, 7).

Үй-бүлө башчыларына үй-бүлө менен сыйынууну маңыздуу өткөргөнгө кайсы принциптер жардам берет?

  • Үзгүлтүккө учуратпагыла. Мүмкүн болсо, жума сайын кайсы бир күндү белгилеп койгула. Кокус болбой калса, башка кайсы күнү өткөрөрүңөрдү чечип алгыла.

  • Даярдангыла. Жубайыңар, кээде балдарыңар менен акылдашып, алардын сунуштарын уккула. Эгер үй-бүлөңөргө кайсы бир нерселерди жума сайын кылган жакса, анда ошолорго кылдат даярдануунун зарылдыгы жок.

  • Үй-бүлөңөргө ылайыкташтыргыла. Балдар чоңойгон сайын, алардын жөндөмү, муктаждыктары өзгөрөт. Үй-бүлө менен сыйынуу ар бириңердин ишенимиңерди бекемдегидей болушу керек.

  • Жылуу маанай өкүм сүргөнү маанилүү. Аба ырайы жакшы болсо, кээде эшиктен изилдесеңер болот. Зарыл болсо, шам-шум эткиле. Балдарыңарга тиешелүү кайсы бир көйгөйлөрдү талкуулашыңар керек болсо да, үй-бүлө менен сыйынуу «тарбиялык сабакка» айланып калбашы кажет.

  • Ар түрдүү кылып өткөргүлө. Алсак, жыйналыштын кайсы бир бөлүгүнө даярдансаңар, jw.org сайтынан видео көрүп талкууласаңар же кабар айтканга машыксаңар болот. Үй-бүлө менен сыйынуу негизинен чогуу-чаран талкуу түрүндө өткөрүлсө да, сыйынуу маалында үй-бүлө мүчөсүнүн ар бири өздүк изилдөө жүргүзгөнгө убакыт бөлсө болот.

Бул суроону талкуулагыла:

  • Үй-бүлө менен сыйынууга тиешелүү бул принциптерди кантип колдонуп көрдүңөр?

8. Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсү

Корутунду (3 мүн.) |  114-ыр жана тиленүү