Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5—11-август

ЗАБУР 70—72

5—11-август

59-ыр жана тиленүү | Кириш сөз (1 мүн.)

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ

1. Кудайдын күчүн «келерки муунга» жарыялагыла

(10 мүн.)

Жахаба Дөөтүнү жаш кезинде эле коргоп келген (Зб 71:5; w99 1/9 27-б., 17-абз.)

Дөөтү Жахабанын аны карыганда да колдоп жатканын сезген (Зб 71:9; g04 8/10 23-б., 3-абз.)

Дөөтү башынан өткөргөндөрүн жаштарга айтып берип, аларды кайраттандырган (Зб 71:17, 18; w14 15/1 23-б., 4, 5-абз.)

ОЙЛОНУП КӨР: Жахабага узак убакыттан бери кызмат кылып келаткан кайсы ишенимдешимди үй-бүлөлүк сыйынууга чакырып, дил маек алсам болот?

2. Рухий берметтер

(10 мүн.)

  • Зб 72:8. Жахабанын Ыбрайымга берген Башталыш 15:18деги убадасы Сулайман падышанын тушунда кандайча аткарылган? (it-1 768-б.)

  • Ушул жумадагы бөлүмдөрдөн кандай рухий берметтерди таптыңар?

3. Ыйык Китепти окуу

КАБАР АЙТУУ ЧЕБЕРЧИЛИГИҢДИ АРТТЫР

4. Сөз баштоо

(3 мүн.) ҮЙМӨ-ҮЙ. Киши талашып-тартыша баштаганда, сөздү сылык бүтүр (lmd 4-сабак, 5-ой).

5. Кайра баруу

(4 мүн.) РАСМИЙ ЭМЕС ЖАГДАЙДА КАБАР АЙТУУ. Ыйык Китепти изилдегенден кетенчиктеп жүргөн тууганың менен маекти улант (lmd 8-сабак, 4-ой).

6. Эмнеге ишенерибизди түшүндүрүп берүү

(5 мүн.) Сөз. ijwfq 49. Тема: Жахабанын Күбөлөрү айрым окууларын эмне үчүн өзгөртүшкөн? (th 17-сабак)

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

76-ыр

7. Үй-бүлө менен сыйынууну кантип өткөрсө болот?

(15 мүн.). Талкуу.

Үй-бүлө менен сыйынуу — балдарга «Жахаба үйрөткөндөй акыл айтып, аларды анын акыл-насааты менен тарбиялаганга» эң ылайыктуу учур (Эф 6:4). Бул чоң эмгекти талап кылат. Эгер балдардын Ыйык Китептеги чындыкка табити тартып турса, окуп-үйрөнүү аларга жагымдуу болот (Жн 6:27; 1Пт 2:2). Ата-энелерге үй-бүлө менен сыйынууну жагымдуу, пайдалуу болгудай кылып өткөргөнгө жардам берген « Үй-бүлө менен сыйынууга сунуштар» деген кутучаны карагыла. Андан соң бул суроолорду талкуулагыла:

  • Сунуштардын кайсынысын колдонуп көргүңөр келет?

  • Өзүңөргө пайдалуу боло турган дагы кандай кеңештерди таптыңар?

ВИДЕОНУ көрсөт. «Үй-бүлө менен сыйынууну жакшырта бергиле». Анан угармандардан сура:

  • Эгер балдары жок болсо, күйөөсү үй-бүлө менен сыйынууну аялына кызыктуу болгудай кылып кантип өткөрсө болот?

8. Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсү

Корутунду (3 мүн.) |  123-ыр жана тиленүү