Үлгү иретиндеги сунуштоолор
«КҮЗӨТ МУНАРАСЫ»
Суроо: Кудай жаздырган Ыйык Китепти канчалаган адамдар жок кылгысы келгенин жана ошого карабай ал ушул убакка чейин сакталып келгенин билчү белеңиз?
Аят: Ыш 40:8
Адабият: Бул журналдагы катар макалаларда Ыйык Китеп кантип сакталып келгени жөнүндө кызыктуу маалыматтар жазылган.
«КҮЗӨТ МУНАРАСЫ» (акыркы бети)
Суроо: Бул суроого көңүл бурсаңыз. [16-беттеги биринчи суроону окуп бер.] Айрымдар динди адамдар эле ойлоп чыгарып алган деп ойлошот. Кээ бирөөлөр болсо динди Кудай негиздеген жана дин аркылуу ага жакын болобуз дешет. Сиз кандай деп ойлойсуз?
Аят: Жкп 1:27
Адабият: Бул макалада динге байланыштуу Ыйык Китепте эмне делери айтылат. Эмки келгенде бул макаладагы айрым нерселер жөнүндө сүйлөшсөк кандай болот?
«КУДАЙДАН КЕЛГЕН ЖАКШЫ КАБАР»
Суроо: Акыркы учурда адамдардын пейили бузулуп, жашоо оор болору эбак эле алдын ала айтылганын билчү белеңиз? Анда сизге Ыйык Китептен ошо жөнүндө окуп берейин.
Аят: 2Тм 3:1—5
Адабият: Бул китепчеде дүйнөдөгү абалдын аябай начарлашы, чынында, Кудайды сүйгөн адамдарды эмне үчүн кубантышы керектиги түшүндүрүлөт. (1-бөлүмдүн 2-суроосун талкуула.)
ӨЗҮҢДҮН СУНУШТООҢДУ ДАЯРДА
Жогоруда көрсөтүлгөн сунуштоолордун негизинде өз сунуштооңду даярда.