Бир жолу бир киши Исадан: «Менин жакыным ким?» — деп сураганда, ал ушул аңгемени айтып берген (Лк 10:25—29). Иса пайгамбар анын жолдоочуларынын жыйналышы «ар кандай адамдардан», анын ичинде самариялыктардан жана башка элдерден, турарын билген (Жн 12:32). Бул аңгеме Исанын жолдоочуларына башкаларды, ал тургай өздөрүнөн бир топ айырмаланган адамдарды да сүйүш үчүн өзгөчө аракет кылышы керектигин түшүнүүгө жардам берген.
ОЙЛОНУП КӨРГҮЛӨ:
-
Маданияты башка бир туугандарга кандай мамиле кылам?
-
Көбүнчө өзүмө окшош адамдар менен эле убакыт өткөрбөймүнбү?
-
Менден айырмаланган ишенимдештерим менен жакыныраак таанышып, жүрөгүмдү кенен ача аламбы? (2Кр 6:13)
... бир тууганды
-
чогуу кызмат кылууга чакыргым келет
-
үйгө конокко чакыргым келет
-
үй-бүлө менен сыйынууга чакыргым келет