Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ | ЛУКА 8, 9

Исанын жолун жолдош үчүн эмне кылышыбыз керек?

Исанын жолун жолдош үчүн эмне кылышыбыз керек?

9:62

Кош айдаган киши борозду түз салыш үчүн артын карап алаксыбашы керек болчу. Ошо сыяктуу эле, Исанын жолдоочусу да бул дүйнөдө калтырган нерселерин ойлоп алаксышына жол бербеши керек (Фп 3:13).

Кыйынчылыктарга туш болгондо мурунку «жакшы» күндөрдү, балким, чындык жолуна түшкөнгө чейинки күндөрүбүздү самай башташыбыз мүмкүн. Анан ошол кездеги жашообузду эстегенде көбүнчө жакшы нерселерди күчөтүп, жаман нерселерди кемитип коюшубуз ыктымал. Мисирден чыккандан кийин ысрайылдыктар так ошентишкен (Сн 11:5, 6). Эгер биз да ошенте берсек, мурунку жашообузга кайтууга азгырылышыбыз мүмкүн. Андан көрө, азыр алып жаткан баталарыбыз жөнүндө ойлонуп, Падышалыктын тушунда бөлөнө турган кубанычыбызга көңүл топтогонубуз жакшы! (2Кр 4:16—18)