Жахабага таян, жакшылык кыл
«Ыймансыздык кылгандарга көз артпа»
-
Ыймансыздардын ийгиликке жетип, убактылуу жыргап жатканы Жахаба Кудайга кызмат кылуудан алаксытышына жол бербе. Алып жаткан баталарга жана койгон максаттарыңа көңүл топто
«Жахабага таян, жакшылык кыл»
-
Жахабага таянуу ар кандай шек саноодон жана тынчсыздануудан арылууга көмөк кылат. Кудай ишенимдүү бойдон калууга жардам берет
-
Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабар жарыялоо менен алек бол
«Жахабадан кубаныч алып, ырахаттан»
-
Жахаба жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн Ыйык Китепти окуп, ой жүгүртүүгө убакыт бөл
«Жолуңду Жахабага тапшыр»
-
Жахаба Кудай көйгөйүңдүн баарын чечүүгө жардам берерине толук ишен
-
Каршылыкка, куугунтукка кабылганда же жалаа жабылганда, жамандык кылуудан алыс бол
«Жахабанын алдында унчукпа, аны чыдамсыздык менен күт»
-
Кубанычтан арылтып, Кудай менен болгон мамилеңе доо кетире турган иш кылуудан кач
«Мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат»
-
Жумшак болууга умтулуп, Жахабанын сен кабылган адилетсиздиктин баарын жок кыларын момундук менен күт
-
Ишенимдештерди колдоп, көңүлү чөккөндөргө Кудай убада кылган жаңы дүйнөгө аз калганын айтып жубат