Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ | ЗАБУР 45—51

Жахаба жүрөгү жаралангандарды четке какпайт

Жахаба жүрөгү жаралангандарды четке какпайт

Дөөтү пайгамбар 51-забурду Натан пайгамбар аны Батшеба менен олуттуу күнөө кылганы үчүн ашкерелегенден кийин жазган. Ал абийири жемелегендиктен абдан кыйналган жана күнөөсү үчүн чын жүрөктөн өкүнгөн (2Шм 12:1—14).

Дөөтү пайгамбар олуттуу күнөө кетирген, бирок ошол эле учурда Кудай менен болгон мамилесин оңдогонго мүмкүнчүлүгү болгон

51:3, 4, 8—12, 17

  • Ал өкүнүп, күнөөсүн мойнуна алгыча абийири аябай кыйнаган

  • Кудайга жакпай калганын сезгендиктен Дөөтү пайгамбар сөөктөрү талкаланган кишидей болуп катуу кыйналган

  • Ал Кудайдын аны кечиришин, Кудай менен кайрадан ынак мамиледе болушун жана мурункудай жан дүйнө бейкуттугуна ээ болушун абдан самаган

  • Дөөтү пайгамбар Кудайдын тилин алууга дилгир болушу үчүн ага жалынып, момундук менен жардам сураган

  • Ал Жахабанын кечирерине толук ишенген