КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
«Падышалыктын башкаруусунун алгачкы 100 жылы»
Кудайдын Падышалыгынын жараны болгусу келгендер Падышалык жана ал эмнелерди ишке ашырганы жөнүндө мүмкүн болушунча көбүрөөк билиши керек. Анткени бул алардын Кудайдын Падышалыгы башкарып жатканына болгон ишенимин бекемдегенден тышкары, Падышалык тууралуу жакшы кабарды ынталуулук менен жарыялашына түрткү берет (Зб 45:1; 49:3). «Падышалыктын башкаруусунун алгачкы 100 жылы» деген тасманы көрүп жатып төмөнкү суроолорго жооп берип көргүлө:
-
«Жаратуу фотодрамасы» аны көргөндөргө кандай пайда алып келген?
-
Жакшы кабар жарыялоодо радио кандайча колдонулган?
-
Кабар айтууда дагы кандай ыкмалар колдонулган жана алардын натыйжасы кандай болгон?
-
Жакшы кабар жарыялагандарды окутуп-үйрөтүү иши жыл өткөн сайын кандайча жакшыра берген?
-
Гилат мектебинин студенттери эмнеге үйрөтүлгөн?
-
Кудайдын элин окутуп-үйрөтүүгө жыйындар кандайча өбөлгө түзгөн?
-
Кудайдын Падышалыгынын башкарып жатканына эмне үчүн ишенесиң?
-
Кудайдын Падышалыгын колдоорубузду кантип көрсөтө алабыз?