Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Ата-энелер, балдарыңар ийгиликтүү болушу үчүн колуңардан келгендин баарын кылгыла

Ата-энелер, балдарыңар ийгиликтүү болушу үчүн колуңардан келгендин баарын кылгыла

Кудайдан корккон ата-энелер балдарынын Жахабанын ишенимдүү кызматчылары болушун абдан каалашат. Ата-энелер аларга ошондой болууга Ыйык Китептеги окууларды ымыркай кезинен жүрөгүнө сиңирүүгө аракет кылып жардам бере алышат (Мз 6:7; Нкл 22:6). Бул, албетте, өздөрүн аябай, көп күч-аракет жумшоону талап кылат. Бирок натыйжасы ошого арзыйт (3Жн 4).

Ата-энелер Жусуп менен Мариямдан көп нерсеге үйрөнсө болот. Алар убарасы, чыгымы көп болсо да, «жыл сайын Иерусалимге пасах майрамына барышчу» (Лк 2:41). Алар үй-бүлөсүнүн рухий муктаждыктарын канааттандырууну баарынан маанилүү деп эсептегени күмөнсүз. Анын сыңарындай, бүгүнкү күндө да ата-энелер ар бир мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сүйлөгөн сөзү, кылган иши менен балдарын тарбиялап, аларды туура багытка сала алышат (Зб 127:3—5).

«БИР ДА МҮМКҮНЧҮЛҮКТҮ КОЁ БЕРИШКЕН ЭМЕС» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРГӨНДӨН КИЙИН ТӨМӨНКҮ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Жон менен Шарон Шиллер бир туугандар кантип балдарын да чоңойтуп, Падышалыктын кызыкчылыктарын да биринчи орунга коюшкан?

  • Ата-энелер эмне үчүн ар бир балага муктаждыгына жараша жекече тарбия бериши керек?

  • Ата-энелер балдарын ишеними сынала турган жагдайларда туруштук берүүгө кантип даярдай алышат?

  • Балдарыңарга рухий жактан өсүүгө жардам бериш үчүн Жахабанын уюмундагы кайсы куралдарды колдонуп жатасыңар?

Үй-бүлөңөрдө рухий иш-чаралар биринчи орунда турсун