КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Социалдык тармактар. Тузактардан сак болгула
ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ? Башка байланышуу каражаттары сыяктуу эле, социалдык тармактардын пайдалуу да, зыяндуу да жагы бар. Исанын айрым жолдоочулары аларды колдонбой эле коюуну чечишкен. Башкалары үй-бүлөсү, достору менен байланышып туруш үчүн колдонушат. Шайтан социалдык тармактарды жакшы атыбыз булганып, рухийлигибизге зыян келтире тургандай кылып туура эмес колдонушубузду каалайт. Бирок биз, Исага окшоп, Кудайдын Сөзүндөгү принциптердин жардамы менен андай коркунучту көрө билип, оолак боло алабыз (Лк 4:4, 8, 12).
КАНДАЙ ТУЗАКТАР БАР?
-
Өтө эле көп колдонуу. Социалдык тармактарга же социалдык медиага көп убакытты коротуу рухий иштерге жумшашыбыз керек болгон баалуу убактыбызды алып коёт.
Ыйык Китептеги принциптер: Эф 5:15, 16; Фп 1:10
-
Шектүү нерселерди окуу же көрүү. Кумарды ойготкон нерселерди көрүү порнография көрүү адатына же бузуктукка алып барат. Чындыктан четтегендердин жазгандарын окуу, блогдоруна кирүү адамдын ишенимин солгундатат.
-
Орунсуз комментарийлерди жазуу же орунсуз сүрөттөрдү коюу. Жүрөк анткор болгондуктан кимдир бирөө социалдык тармактарга орунсуз комментарийлерди жазууга же орунсуз сүрөттөрдү коюуга жакын болушу мүмкүн. Бул анын аброюн түшүрүп коюшу же башка бирөөнүн рухийлигин алсыратып коюшу мүмкүн.
«СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДЫ КОЛДОНУУДА АКЫЛ-ЭСТҮҮ БОЛ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРГӨНДӨН КИЙИН ТӨМӨНКҮ НЕРСЕЛЕРДЕН КАНТИП КАЧСА БОЛОРУН ОЙЛОНУП КӨРГҮЛӨ: