Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Машаяктын жолун так жолдогула

Машаяктын жолун так жолдогула

Иса бизге көп жагынан үлгү калтырган. Бирок андан, өзгөчө, сыноого жана куугунтукка кабылганда үлгү алсак болот (1Пт 2:21—23). Сөз менен кордошкондо да, атүгүл азап чектиришкенде да ал эч качан өч алган эмес (Мр 15:29—32). Ошонун баарына ал эмненин аркасында чыдай алган? Иса пайгамбар Жахабанын эркин аткарууну бек чечип алган (Жн 6:38). Ошондой эле бүт көңүлүн «алдыда күтүп турган кубанычка» топтогон (Ев 12:2).

Жахабага ишенгенибиз үчүн бизге да жаман мамиле кылышканда эмне кылабыз? Исанын чыныгы жолдоочулары «жамандыкка жамандык менен жооп бербейт» (Рм 12:14, 17). Азап чеккенде Иса Машаяктын үлгүсүнө кармансак, Кудайдын бизди көрүп ыраазы болгонун ойлоп сүйүнөбүз (Мт 5:10—12; 1Пт 4:12—14).

«БААРЫНАН ДА ЖАХАБАНЫН ЫСМЫ МААНИЛҮҮ» ДЕГЕН ТАСМАНЫ КӨРГӨНДӨН КИЙИН ТӨМӨНКҮ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Гертруд Пётцингер бир тууганыбыз бир кишилик камерада отурганда убакытты кантип акылдуулук менен колдонгон?

  • Эки башка концлагерде жаткан Гертруд бир тууган жана анын жолдошу кандай азапты көрүшкөн?

  • Аларга баарына чыдаганга эмне жардам берген?

Азап чеккениңерде Машаяктын жолун так жолдогула