Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Жахабанын буга карата көз карашы кандай?

Жахабанын буга карата көз карашы кандай?

Кичине болобу, чоң болобу, чечим чыгарарда: «Жахаба буга кандай карайт?» — деп ойлонобузбу? Анын ой жүгүртүүсүн толук биле албасак да, «ар кандай жакшы ишке толугу менен даяр болушубуз» үчүн Ыйык Китепке зарыл нерсенин баарын жаздырып койгон (2Тм 3:16, 17; Рм 11:33, 34). Иса Машаяк Жахабанын эркин таанып-билип, аны аткарууну жашоосунда биринчи орунга койгон (Жн 4:34). Андан үлгү алып, биз да Жахабага жаккандай чечим чыгарууга бүт күчүбүздү жумшайлы (Жн 8:28, 29; Эф 5:15—17).

«ЖАХАБАНЫН ЭРКИН ТААНЫП-БИЛЕ БЕРГИЛЕ» (ЛБ 19:18) ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Эмне үчүн Ыйык Китептеги принциптерди жашообузда колдонушубуз керек?

  • Музыканы тандоодо Ыйык Китептеги кайсы принциптерге жетектелишибиз зарыл?

  • Кийимге, сырткы көрүнүшкө байланыштуу чечим чыгарарда Ыйык Китептеги кайсы принциптерди эске алышыбыз кажет?

  • Жашообуздун дагы кайсы тармактарында Ыйык Китептеги принциптерди колдонушубуз керек?

  • Канткенде Жахабанын эркин жакшыраак таанып-биле беребиз?

Чечимдеримен Жахаба менен болгон мамилем кандай экени кандайча көрүнүп турат?