«Кудай берген бардык курал-жарактар менен куралдангыла»
Элчи Пабыл Машаяктын жолдоочуларын согушка катышкан жоокерлерге салыштырган. Биздин душмандарыбыз — «каардуу рухий күчтөр». Алсыз, оңой эле жем болчудай көрүнсөк да, «Кудай берген бардык курал-жарактар менен куралдансак», бул согушта Жахабанын колдоосу менен жеңишке жетебиз.
Ар бир куралды атап, алардын эмнени билдирерин тапкыла
ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ ҮЧҮН: Бардык курал-жарагым барбы?