КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Көңүл ачууну акылдуулук менен тандагыла
Эмне үчүн көңүл ачууну акылдуулук менен тандоо зарыл? Анткени акылыбыздын эмнеге толору кандай кино көргөнүбүзгө, кандай музыка укканыбызга, кайсы веб-сайтка киргенибизге, кандай китеп окуганыбызга, кандай видеооюндарды ойногонубузга жараша болот. Алар жүрүм-турумубузга зор таасир этет. Азыр көңүл ачуулардын көбү Жахаба тыюу салган нерселер менен коштолот (Зб 11:5; Гл 5:19—21). Ыйык Китеп Жахабаны даңктаган нерселер тууралуу ой жүгүртүүгө үндөйт (Фп 4:8).
«КӨҢҮЛ АЧУУНУН КАНДАЙ ТҮРЛӨРҮН ТАНДАШЫМ КЕРЕК?» ДЕГЕН ВИДЕОТАСМАНЫ КӨРҮП, ТӨМӨНКҮ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
-
Байыркы Римдеги гладиаторлордун оюндары бүгүнкү күндөгү видеооюндарга эмнеси менен окшош?
-
Жыйналыштагылар жаштарга көңүл ачууну акылдуулук менен тандоого кантип жардам бере алышат?
-
Көңүл ачууну тандоодо Римдиктер 12:9да жазылгандар бизге кандай таасир этиши керек?
-
Силер жашаган жерде зыяны жок көңүл ачуунун кандай түрлөрү бар?