«Каймана мааниге ээ» сөздөр
Элчи Пабыл жаңы келишимдин Мыйзам келишиминен жогору турарын көрсөтүш үчүн «каймана мааниге ээ» сөздөрдү колдонгон. Иса Машаяктын, аны менен чогуу башкара тургандардын мээримдүүлүк менен жүргүзгөн бийлигинин тушунда адамзат күнөөдөн, жеткилеңсиздиктен, азап-кайгыдан, өлүмдөн арылат (Ыш 25:8, 9).
КҮҢ АЯЛ АЖАР Мыйзам келишими боюнча жашаган, борбору Иерусалим болгон кадимки Ысрайыл |
ЭРКИН АЯЛ СААРА Жогорку Иерусалим, Кудайдын уюмунун асмандагы бөлүгү |
АЖАРДЫН «БАЛДАРЫ» Исаны куугунтуктап, четке каккан (Жахабага Мыйзамга баш ийип жашайбыз деп ант берген) жүйүт эли |
СААРАНЫН «БАЛДАРЫ» Иса Машаяк жана ыйык рух менен майланган 144 000 |
МЫЙЗАМ КЕЛИШИМИНЕ КУЛ БОЛУУ Мыйзам ысрайылдыктарга күнөөнүн кулчулугунда экенин эскертип турган |
ЖАҢЫ КЕЛИШИМ ЭРКИНДИККЕ ЧЫГАРАТ Иса Машаяктын курмандыгына ишенүү күнөөнүн кулчулугунан бошотот |