КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Тажрыйбалуу ишенимдештерибизден эмнени үйрөнө алабыз?
Жыйналыштарыбызда Жахабага ондогон жылдардан бери кызмат кылып келаткандар бар. Алардын Жахабага толук таянганынан көп нерсеге үйрөнө алабыз. Алардан уюмубуздун тарыхын, кандай кыйынчылыктарга туш болушканын жана аларды Жахабанын жардамы менен кантип жеңишкенин сурасак болот. Андай сүйүктүү бир туугандарыбыздын бирин үй-бүлө менен сыйынууга чакырып, башынан өткөргөндөрүн айтып беришин сурансак болот.
Тажрыйбалуу бир туугандар, жаштарга башыңардан өткөндөрдү айтып бергиле. Жакып менен Жусуп кийинки муундагыларга Жахабанын алар үчүн эмнелерди кылганын айтып беришкен (Бш 48:21, 22; 50:24, 25). Кийинчерээк Жахаба үй-бүлө башчыларына анын улуу иштери жөнүндө балдарына айтып берүүнү буйруган (Мз 4:9, 10; Зб 78:4—7). Биздин күндөрдө да ата-энелер жана жыйналыштагы ишенимдештерибиз кийинки муунга Жахабанын өз уюму аркылуу кандай сонун иштерди кылганын айтып бере алышат.
«ТЫЮУ САЛЫНГАН УБАКТА БИРИМДИКТИ САКТОО» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
-
Австриядагы филиал ишибизге тыюу салынган айрым өлкөлөрдөгү ишенимдештерибизге кантип жардам берген?
-
Ал өлкөлөрдөгү бир туугандарыбыз ишенимин кантип бекем сактап келишкен?
-
Румыниядагы көптөгөн жарчылар Жахабанын уюмунан эмне үчүн бөлүнүп кетишкен жана кайра кантип кайтып келишкен?
-
Бул окуялар ишенимиңерди кандайча бекемдеди?