КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Үй-бүлөңөрдө сүйүү көрсөткүлө
Сүйүү, желимдей болуп, үй-бүлөнү бириктирип турат. Эгер үй-бүлөдө сүйүү болбосо, биримдикти жана ынактыкты сактоо кыйын. Канткенде күйөөлөр, зайыптар жана ата-энелер үй-бүлөсүндө сүйүүнүн өкүм сүрүшүнө салым кошо алышат?
Жакшы күйөө жубайынын муктаждыктарын, оюн, сезимдерин эске алат (Эф 5:28, 29). Ал үй-бүлөсүнө материалдык жактан да, рухий жактан да кам көрүп, үй-бүлө менен сыйынууну дайыма өткөрүп турат (1Тм 5:8). Жакшы зайып болсо күйөөсүнө баш ийип, аны «терең урматтайт» (Эф 5:22, 33; 1Пт 3:1—6). Алар бири-бирин айкөлдүк менен кечириши керек (Эф 4:32). Мээримдүү ата-эне ар бир баласына жекече көңүл бөлөт жана Жахабаны сүйүүгө үйрөтөт (Мз 6:6, 7; Эф 6:4). Алар: «Балдарыбыз мектепте кандай кыйынчылыктарга туш болушат? Теңтуштарынын кысымына кантип туруштук берип жатышат?» — деп ойлонуп көрсө болот. Сүйүү өкүм сүргөн үй-бүлөдө баары өзүн коопсуз сезет.
«ЖОК БОЛБОЙ ТУРГАН СҮЙҮҮНҮ ҮЙ-БҮЛӨҢӨРДӨ КӨРСӨТӨ БЕРГИЛЕ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
-
Жакшы күйөө зайыбын баалаарын, ага кам көрөрүн кантип көрсөтө алат?
-
Жакшы зайып күйөөсүн терең урматтаарын кантип көрсөтө алат?
-
Мээримдүү ата-эне Кудайдын Сөзүндө жазылгандарды балдарынын жүрөгүнө кантип сиңире алат?