Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Жахаба сүйгөндүктөн тартипке салат

Жахаба сүйгөндүктөн тартипке салат

Тартипке салуу көбүнчө акыл айтып, насааттоону билдирет. Бирок ал оңдоп-түзөөнү, жазалоону да камтыйт. Жахаба бизди ага жаккандай сыйынышыбыз үчүн тартипке салат (Рм 12:1; Ев 12:10, 11). Кээде бул катуу тийиши мүмкүн. Бирок аны кабыл алсак, Кудайдын алдында адил болуп, батасын алабыз (Нкл 10:7). Тартипке салгандар жана буга муктаж болгондор эмнелерди эсинен чыгарбашы керек?

Тартипке салгандар. Аксакалдар, ата-энелер жана башкалар, Жахабадай болуп, жумшактык, сүйүү менен тартипке салганга аракет кылышат (Жр 46:28). Алар кылынган иштин олуттуулугуна жараша чара көрүшү жана сүйүүгө жетектелиши керек (Тит 1:13).

Оңдоп-түзөөгө муктаждар. Кандай чара колдонулбасын, аны дароо кабыл алганыбыз маанилүү (Нкл 3:11, 12). Баарыбыз тең оңолуш үчүн кеңешке муктажбыз. Ал ар кандай жолдор менен берилиши мүмкүн. Мисалы, Ыйык Китепти окуп жатканда же жыйналышта отурганда жакшыртыш керек болгон жактарыбызды байкайбыз. Айрымдарга укуктук комитет түзүлөт. Тартипке салуу чарасын кабыл алсак, пайдасын азыр да көрөбүз, келечекте түбөлүк жашайбыз (Нкл 10:17).

«ЖАХАБА КИМДИ СҮЙСӨ, ОШОНУ ЖАЗАЛАЙТ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Кэнондун бала чагы кандай болгон, бирок кийин жашоосу кандайча өзгөрүп кеткен?

  • Жахаба аны сүйүүсү менен кантип оңдоп-түзөгөн?

  • Жахабанын тартипке салуу чараларын баалагыла

    Кэнондун башынан өткөндөрдөн эмнени үйрөнө алабыз?