Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

«Акыркы күндөрдүн» акырында даяр тургула

«Акыркы күндөрдүн» акырында даяр тургула

Азыр «акыркы күндөрдүн» акырында жашап жатабыз. Ошондуктан кыйынчылыктар көбөйө берет (2Тм 3:1; nwtsty, Мт 24:8, изилдөө үчүн маалымат). Табигый кырсык болгондо, Жахабанын элине жетекчилик адатта өз маалында берилет. Ошол убакта аман каларыбыз азыр көрсөтмөлөргө баш ийип, даярдык көргөнүбүздөн көз каранды болушу мүмкүн. Бул рухий жактан даярдык көрүүнү, зарыл нерселерди камдап алууну камтыйт (Лк 16:10).

  • Рухий жактан даярдангыла. Жакшы рухий күн тартипке кармангыла. Кызматтын ар кандай түрүнө катышкыла. Кырсык учурунда жыйналыш менен байланыша албай калсаңар, дүрбөлөңгө түшпөгүлө (Ыш 30:15). Жахаба менен Иса дайыма жаныңарда болот (od 176-б., 15—17-абз.).

  • Зарыл нерселерди камдагыла. Эң зарыл нерселер салынган баштыктан сырткары, ар бир үй-бүлө керектүү өлчөмдө тамак-аш, суу, дары-дармек камдап алышы керек. Баш калкалоочу жайда көпкө жашаганга туура келиши мүмкүн. Андайда кереги тие турган нерселерди да даярдап коюу зарыл (Нкл 22:3; g17.5 46-б.).

«ТАБИГЫЙ КЫРСЫККА АЛДЫН АЛА ДАЯРДАНГЫЛА» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Табигый кырсыкка рухий жактан кантип даярдансак болот?

  • Буларды кылганыбыз эмне үчүн маанилүү?

    • Аксакалдарга дарегибизди, телефон номурубузду билдирип туруу

    • Зарыл нерселер салынган баштык даярдап коюу

    • Кандай табигый кырсык болушу мүмкүн экени жана андайда эмне кылыш керектиги жөнүндө жакшылап ойлонуу

  • Табигый кырсык болгондо, башкаларга кайсы үч жол менен жардам берсек болот?

ОЙЛОНУП КӨРГҮЛӨ: «COVID-19дан улам алдын ала даярданууга байланыштуу эмнеге үйрөндүм?»