КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ | КЫЗМАТТА КУБАНЫЧЫҢАРДЫ АРТТЫРГЫЛА
Шыктануу менен окутуу
Шыктануу жугуштуу келет. Шыктанып, күйүп-жанып окутсак, угуучулар айткандарыбызга жакшы көңүл топтошот. Бул айтып жаткан кабарыбыздын абдан баалуу экенинен да кабар берет. Маданиятыбыз, кулк-мүнөзүбүз кандай болбосун, баарыбыз тең шыктанып окутканды үйрөнө алабыз (Рм 12:11). Ан үчүн эмне кылсак болот?
Биринчиден, кабардын маанилүүлүгү жөнүндө ойлонгула. Силер «жакшы кабар жарыялоо» сыймыгына ээсиңер (Рм 10:15). Экинчиден, ал кабардын угуучуларга тийгизген пайдасы жөнүндө ой жүгүрткүлө. Алар жакшы кабарды угууга муктаж (Рм 10:13, 14). Үчүнчүдөн, күйүп-жанып сүйлөгүлө. Сезимдериңер жүзүңөрдөн, табигый жаңсоолоруңардан көрүнүп турсун.
«ШАКИРТ ДАЯРДООДОН КУБАНЫЧ АЛГЫЛА. ЧЕБЕРЧИЛИГИҢЕРДИ АРТТЫРГЫЛА. ШЫКТАНУУ МЕНЕН ОКУТУУ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
-
Эмнеден улам Ниитанын ындыны сууй баштады?
-
Ниитага кайрадан күйүп-жанып окутканга эмне жардам берди?
-
Эмне үчүн угуучулардын жакшы жактарына көңүл топтошубуз керек?
-
Шыктанып окутканыбыз Ыйык Китепти изилдеп жаткандарга жана башкаларга кандай таасир этиши мүмкүн?