Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Каалоолоруңарды ооздуктагыла

Каалоолоруңарды ооздуктагыла

Жеткилең эмес болгон үчүн каалоолорубузду дайыма ооздуктап турушубуз керек. Болбосо, Жахабанын ырайымынан айрылып калышыбыз мүмкүн. Мисалы, айрымдар тамак-ашты, кийимди жана үй-жайды Кудайдан да жогору коюп алышат. Башкалар болсо жыныстык каалоолорун канааттандырыш үчүн Кудайдын мыйзамдарын тебелешет (Рм 1:26, 27). Дагы бирөөлөр теңтуштарына жагыш үчүн алардын кысымына алдырып коюшат (Чг 23:2).

Каалоолорубузду кантип башкара алабыз? Ан үчүн Жахабага жаккан иштерге көңүл топтогонго бүт күчүбүздү жумшашыбыз керек (Мт 4:4). Жахабадан жаман каалоолорубузду тизгиндегенге жардам сурап тиленгенибиз да маанилүү. Себеби ал бизге эмне жакшы болорун жана орундуу каалоолорубузду кантип орундатышты жакшы билет (Зб 145:16).

«ТАМЕКИГЕ УУЛАНБА» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Айрымдар эмне үчүн тамеки чегишет?

  • Тамеки ден соолугуңа кандай таасир этет?

  • Кадимки тамеки менен электрондук тамеки эмнеси менен зыяндуу? (2Кр 7:1)

  • Тамекини таштай аласың!

    Тамеки сунушташканда, эмне десең болот? Аны кантип таштай аласың?