КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
«Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген адабиятты колдонуп, кызыгуучулардын ишенимин бекемдегиле
Кызыгуучулар Кудайга жагыш үчүн бекем ишеним өрчүтүшү керек (Ев 11:6). Бул жагынан аларга «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген китеп көмөк кылат. Анда маанилүү аяттар, жүйөлүү далилдер талкууланат. Ойлондурарлык суроолор, иш-аракет кылганга түрткү берген видеолор, кооз сүрөттөр да бар. Аларга Кудайга жаккан сапаттарды өрчүткөнгө, аны менен дос болууга жардам берсек, отко туруштук берген материалдардан курган болобуз (1Кр 3:12—15).
Кудайды көрбөгөнү үчүн кээ бирлер аны менен дос болуу мүмкүн эмес дешет. Ошондуктан аларга Жахабаны таанып-билгенге, ага таянганга жардам беришибиз керек.
«„ТҮБӨЛҮККӨ РАХАТТАНЫП ӨМҮР СҮР!“ КИТЕБИН КОЛДОНУП, КЫЗЫГУУЧУЛАРДЫН ЖАХАБАГА БОЛГОН ИШЕНИМИН БЕКЕМДЕГИЛЕ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
-
Жарчынын изилдөөгө жакшы даярданганы эмнеден байкалды?
-
Ал кызыгуучунун Ышая 41:10, 13кө байланыштуу оюн билиш үчүн кылдат ойлонуштурулган кандай суроолорду берди?
-
Видео жана аяттар кызыгуучуга кандай таасир этти?
Көптөр кун тууралуу билишпейт деле. Же аны Кудайдын жеке аларга берген белеги деп эсептешпейт (Гл 2:20). Ошондуктан биз аларга Исанын кунуна ишенгенге көмөк көрсөтүшүбүз зарыл.
«„ТҮБӨЛҮККӨ РАХАТТАНЫП ӨМҮР СҮР!“ КИТЕБИН КОЛДОНУП, КЫЗЫГУУЧУЛАРДЫН ИСАГА БОЛГОН ИШЕНИМИН БЕКЕМДЕГИЛЕ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
-
Жарчынын изилдөөгө жакшы даярданганы эмнеден байкалды?
-
Ал кызыгуучуга жардам бериш үчүн «Көбүрөөк бил» деген бөлүктү кантип колдонду?
-
Кызыгуучу үчүн тиленүү эмне себептен маанилүү?