Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Коогалаңдуу кырдаалдарга даярсыңарбы?

Коогалаңдуу кырдаалдарга даярсыңарбы?

Дүйнөнүн акыры жакындаган сайын, кагылышуулар, террорчулук, согуш барган сайын көбөйө берери турган иш (Аян 6:4). Алдыдагы кыйынчылыктарга кантип даярдана алабыз?

  • Рухий жактан даярдангыла: Жахабага, анын уюмуна болгон ишенимиңерди бекемдеген, бейтараптуулук сактаганга жардам берген Ыйык Китептеги принциптер менен окуяларды изилдегиле (Нкл 12:5; jr 125, 126-б., 23, 24-абз.). Жыйналыштагылар менен азыртадан эле ынак мамиледе болгула (1Пт 4:7, 8).

  • Зарыл нерселерди камдап алгыла: Үйүңөрдөн чыга албай кала турган болсоңор, каерге жашынарыңарды ойлонуштуруп койгула. Жетиштүү азык-түлүк камдап алгыла. Үйүңөрдөн кетиш керек болсо, каякка барарыңарды да күн мурун чечип алгыла. Зарыл нерселер салынган баштыгыңарды текшерип, кол кап, бет кап, акча салып койгула. Силер аксакалдар менен, алар силер менен байланыша алгыдай болсун (Ыш 32:2; g17.5 3—7-б.).

Жарандык кагылышуу учурунда рухий иштериңерди уланта бергиле (Фп 1:10). Зарыл болбосо, эки-жакка чыкпагыла (Мт 10:16). Азык-түлүк жана башка нерселериңер менен бөлүшкүлө (Рм 12:13).

«КООГАЛАҢДУУ КЫРДААЛДАРГА ДАЯРСЫҢАРБЫ?» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Коогалаңдуу учурда Жахаба кантип жардам берет?

  • Алдын ала кандай даярдыктарды көрсөңөр болот?

  • Жапа чеккендерге кантип жардам бере алабыз?