КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ
Абышалом текеберденип, атасына каршы чыккан
Абышалом элдин аны даңкташын каалаган (2Шм 15:1; it-1 860-б.)
Ал элдин ишенимине кире берген (2Шм 15:2—6; w12 15/7 13-б., 5-абз.)
Атасынын тактысын тартып алгысы келген (2Шм 15:10—12; it-1 1083, 1084-б.)
Өзүмчүлдүккө түрткөн каалоолорду жүрөгүбүздөн тамыры менен жулуп салышыбыз керек. Ан үчүн ниетибизди дайыма текшерип турганыбыз маанилүү. Башкаларды таасирленткенге умтулгандын ордуна, алардын жыргалчылыгын көздөгөнүбүз зарыл (Фп 2:3, 4).