КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
«Сүйүү... менменсинбейт»
Сүйүү бизге момун болгонго түрткү берет (1Кр 13:4). Ишенимдештерибизди сүйсөк, өзүбүздү алардан жогору көрбөйбүз. Башкалардын жакшы жактарына көңүл топтоп, шык-жөндөмүбүздү аларга жардам бергенге колдонобуз (Фп 2:3, 4). Канчалык көп сүйүү көрсөтсөк, ошончолук Жахабанын керегине жарайбыз.
«СҮЙҮҮ КАНДАЙ БОЛОТ? СҮЙҮҮ... МЕНМЕНСИНБЕЙТ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
-
Абышалом элден эмнеси менен өзгөчөлөнүп турган?
-
Ал ошол өзгөчөлүгүн кантип кыянат колдонгон?
-
Менменсинбеш үчүн эмне кылсак болот? (Гл 5:26)