Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Жакында болгон окуяларды кызматта колдонгула

Жакында болгон окуяларды кызматта колдонгула

Иса элди окутканда көптөргө маалым болгон окуяларды колдонгон (Лк 13:1—5). Башкаларды кабарга кызыктырыш үчүн сен да акыркы жаңылыктарды колдонсоң болот. Мисалы, кымбатчылык, табигый кырсык, жарандык кагылышуу, баңгизат колдонгондор же ушу сыяктуу нерселерди сөз кылгандан кийин: «Ушул көйгөй качандыр бир убакта чечилеби?» Же болбосо: «Ал кантип чечилет деп ойлойсуз?» — деп сура. Анан ошол темага байланыштуу аят окуп бер. Кызыгып калса, видео көрсөт же «Негизги окутуу куралдарыбыздагы» адабиятка көңүлүн бур. Келгиле, аймактагылардын жүрөгүн козгогонго аракет кылып, «баарын... жакшы кабар үчүн... кыла» берели (1Кр 9:22, 23).

Аймагыңардагыларга кайсы темалар кызыктуу болушу мүмкүн?