КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
«Сүйүү... баарына үмүттөнөт»
Ишенимдештерибизди жан-дилден сүйгөндүктөн алардын туура чечим чыгарарынан шектенбейбиз (1Кр 13:4, 7). Мисалы, күнөө кетирген ишенимдешибизге оңдоп-түзөө чарасы көрүлсө, ал аксакалдардын жардам бериш үчүн жумшаган күч-аракетине жооп кайтарат деп үмүттөнөбүз. Ошондой эле ишеними алсыздарга чыдамдуулук менен жардам беребиз (Рм 15:1). Эгер кимдир бирөө жыйналыштан кетип калса, анын кайра кайтып келеринен үмүтүбүздү үзбөйбүз (Лк 15:17, 18).
«СҮЙҮҮ КАНДАЙ БОЛОТ? СҮЙҮҮ... БААРЫНА ҮМҮТТӨНӨТ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
-
Абинер эмне үчүн Дөөтүгө берилгендик көрсөтүүнү чечкен?
-
Дөөтү Абинерди кандай кабыл алган? Жоапчы?
-
Эмне үчүн бир туугандарыбыз туура иш кылат деп үмүттөнө беришибиз керек?