Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Өзүңөргө Жахаба карагандай карагыла

Өзүңөргө Жахаба карагандай карагыла

«Жахаба өз элин жакшы көрөт» (Зб 149:4). Жеткилеңсиз болсок да, ал биздин жакшы сапаттарыбызга көңүл топтойт жана келечекте кандай адам болуп өзгөрө аларыбызды билет. Бирок кээде өзүбүздүн жакшы жактарыбыз өзүбүзгө көрүнбөй калышы мүмкүн. Башкалардын кылган мамилесинен улам өзүбүздү эч нерсеге жарабаган адам катары сезишибиз ыктымал. Же болбосо мурунку ката-кемчиликтерибизге көңүл топтоп алгандыктан, Жахабанын бизди жакшы көрөрүнөн шектене башташыбыз мүмкүн. Мындай сезимдер менен күрөшкөнгө бизге эмне жардам берет?

Жахабанын адамдар көрө албай турган нерсени — ички дүйнөбүздү — көрө аларын эстен чыгарбашыбыз керек (1Шм 16:7). Демек, ал бизди өзүбүздөн да жакшы билет. Жахабанын бизге кандай караарын Ыйык Китептен биле алабыз. Ан үчүн анда жазылгандарды окуп, ой жүгүрткөнүбүз маанилүү. Анын аркасында Жахабанын өзүнүн кызматчыларын канчалык жакшы көрөрүн биле алабыз.

«ЖҮРӨГҮҢДҮ КУДАЙДЫН СЕНИ СҮЙӨРҮНӨ ЫНАНДЫР» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Жөө күлүк жана анын атасы жөнүндөгү мисалдан Жахабанын бизге кандай караары тууралуу эмнени билсек болот?

  • Олуттуу күнөө кетирип алып, бирок Жахаба менен болгон мамилесин кайра оңдогонго аракет кылып жаткан киши канткенде жүрөгүн Кудайдын аны сүйөрүнө ынандыра алат? (1Жн 3:19, 20).

  • Дөөтү жана Жошапаттын окуясы жөнүндө ой жүгүрткөнү ишенимдешибизге кандайча жардам берди?