Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Аудио Ыйык Китепти натыйжалуу колдонгула!

Аудио Ыйык Китепти натыйжалуу колдонгула!

Аудио Ыйык Китеп деген эмне? Аудио Ыйык Китеп — бул «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышынын аудиожаздыруусу. Ал барган сайын көп тилде жарык көрүп жатат. Анын өзгөчөлүктөрүнүн бири Ыйык Китептеги ар бир каармандын үнүн өзүнчө киши коштойт. Ыйык Китептеги кабар так жеткирилиши үчүн сөздөргө туура басым коюлуп, сезим менен окулат.

Пайдасы. Аудио Ыйык Китепти дайыма угуп жүргөндөр Кудайдын Сөзүндө жазылгандарды айкын элестетип калышканын айтышкан. Ар бир каармандын үнүнүн коштолгону аларга Ыйык Китептеги окуяларды көз алдына тартканга, анда жазылгандарды айкыныраак түшүнгөнгө жардам берүүдө (Нкл 4:5). Ошондой эле көптөр аудио Ыйык Китепти угушканда тынчсыздандырган ойлору азая түшкөнүн байкашкан (Зб 94:19).

Кудайдын Сөзүнүн аудиожаздыруусун угуу жашообузга күчтүү таасир эте алат (2Жл 34:19—21). Эгер аудио Ыйык Китептин толук жаздыруусу же кайсы бир бөлүгү силер түшүнгөн тилде бар болсо, дайыма угуп туруш үчүн аны рухий күн тартибиңерге киргизип коюуга эмне үчүн болбосун?

«ЫЙЫК КИТЕПТИН АУДИОЖАЗДЫРУУСУ КАНТИП ЖАЗДЫРЫЛАТ?» (ҮЗҮНДҮ) ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

Аудио Ыйык Китепти жаздыруу боюнча иштердин эмнеси силерди өзгөчө таасирлентти?