Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Маек куруудан кубаныч алгыла!

Маек куруудан кубаныч алгыла!

Расмий эмес жагдайларда курулган маектер — кабар айтууга мүмкүнчүлүк түзгөн эң натыйжалуу, эң жагымдуу жолдордун бири. Ошентсе да чоочун бирөө менен сүйлөшкөндөн коркушубуз мүмкүн. Буга көбүнчө сөздү Ыйык Китептеги ойлорго кантип бурам деп тынчсызданганыбыз себеп болот. Кабарды кантип баштайм деп сарсанаа боло бербей, адамга чын дилден көңүл бурганга аракет кылгыла (Мт 22:39; Фп 2:4). Ошондой эле расмий эмес кабар айтууда жардам боло турган көптөгөн куралдарыбыз бар экенин унутпагыла.

Төмөндөгү куралдар маектешиңерге кызыктуу болгон тема боюнча кабар айтканга кандайча жардам берет?

«„ТЕМИРДИ ТЕМИР КУРЧУТАТ“. СӨЗ БАШТОО» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

Сөз баштоо жагынан жакшырганга бизге кайсы үч кадам көмөк кылат?