Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Каржы каатчылыгына даярсыңарбы?

Каржы каатчылыгына даярсыңарбы?

Биз каржы каатчылыгынын дүйнө жүзү боюнча күч алып баратканына таң калбайбыз. Эмне үчүн? Себеби биз акыркы күндөрдүн аягында жашап жатабыз. Андан тышкары, Ыйык Китепте «өзгөрүлмө байлыкка» таянуу кооптуу экени эскертилет (1Тм 6:17; 2Тм 3:1). Экономикалык көйгөйлөргө даяр болуу жагынан Жошапат падышадан кандай үлгү алсак болот?

Душмандар каптап келатканда, Жошапат падыша Жахабага таянган (2Жл 20:9—12). Ошондой эле ал кол куушуруп отура бербей, шаарларды чыңдап, ар кайсы жерлерге аскерлерин жайгаштырып, элди алдын ала даярдаган (2Жл 17:1, 2, 12, 13). Жошапаттай болуп, биз да Жахабага таянганыбыз жана оор күндөргө алдын ала даярданганыбыз акылдуулукка жатат.

«КООГАЛАҢДУУ КЫРДААЛДАРГА ДАЯРСЫҢАРБЫ?» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Коогалаңдуу кырдаалдарга кантип даярдык көрсөк болот?

  • Башкаларга жардам бериш үчүн кантип даярдансак болот?