Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

27-май—2-июнь

ЗАБУР 42—44

27-май—2-июнь

86-ыр жана тиленүү | Кириш сөз (1 мүн.)

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ

1. Жахаба берген билимди колдон

(10 мүн.)

Жахабага башкалар менен чогуу сыйын. Мүмкүн болсо, жыйналышка жүзмө-жүз катыш (Зб 42:4, 5; w06 1/6 31-б., 1-абз.)

Кудайдын Сөзүн изилдээрдин алдында тилен (Зб 42:8; w12 15/1 15-б., 2-абз.)

Жашооңдун бардык тармагында сени Ыйык Китеп жетектесин (Зб 43:3)

Кудай берген билим кыйынчылыктарда туруктуу болгонго, Жахабага түбөлүк кызмат кылам деген убадабызга турганга күч берет (1Пт 5:10; w16.09 5-б., 11, 12-абз.).

2. Рухий берметтер

(10 мүн.)

  • Зб 44:19. «Чөөлөр чогулган жер» деген эмнени билдириши мүмкүн? (it-1 1242-б.)

  • Ушул жумадагы бөлүмдөрдөн кандай рухий берметтерди таптыңар?

3. Ыйык Китепти окуу

КАБАР АЙТУУ ЧЕБЕРЧИЛИГИҢДИ АРТТЫР

4. Сөз баштоо

(4 мүн.) ҮЙМӨ-ҮЙ. Ыйык Китепти изилдөөнү сунушта (lmd 5-сабак, 5-ой).

5. Кайра баруу

(5 мүн.) ҮЙМӨ-ҮЙ. Маектешиңди жалпыга арналган кийинки баяндама чакыр. «Падышалык залындагы жолугушуулар кантип өткөрүлөт?» деген видеону колдон (lmd 7-сабак, 5-ой).

6. Сөз

(3 мүн.) lmd 1-тиркеме, 4-ой. Тема: Баарынын ден соолугу чың болот (th 2-сабак).

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

21-ыр

7. Жумуш тандоодо, билим алууда акылдуулук менен чечим чыгар

(15 мүн.). Талкуу.

Жаштар, мектепти бүткөндөн кийин эмне кыларыңарды ойлонуштуруп жатасыңарбы? Балким, пионер болгонго өбөлгө түзгөн кайсы бир жумуш жөнүндө ойлонгондурсуңар. Мүмкүн, ошондой жумушка орношконго керек болгон өнөрдү өрчүткөнгө, сертификат же диплом алганга шарт түзгөн кошумча бир курсту окуп алсам деп ойлонуп жаткандырсыңар. Ушул мезгил — жашооңордогу эң эле жүрөк толкуткан мезгил! Ошентсе да тандай турган нерселер көп болгондуктан же башкаларга жаккандай чечим чыгарышым керек деп кысылгандыктан, эмне кыларыңарды билбей, башыңар маң болушу ыктымал. Туура чечим чыгарыш үчүн эмне кылсаңар болот?

Окугула: Матай 6:32, 33. Анан угармандардан сура:

  • Жумушка жана билимге байланыштуу маанилүү чечимдерди чыгарганга чейин айкын рухий максаттарыңардын болгону эмне үчүн жакшы?

  • Ата-энелер балдарына Матай 6:32, 33төгү кеңешти колдонгонго кантип жардам бере алат? (Зб 78:4—7)

Сак болгула, атактуу болууну каалоо же «акча жагынан кыйналбагыдай жашайын» деген ой чечимиңерге таасир этип койбосун (1Жн 2:15, 17). Байлыгы көп кишиге Падышалыкты жашоосунда биринчи орунга коюу кыйынга турарын унутпагыла (Лк 18:24—27). Бир эле учурда баюуга да умтулуп, Жахабага да жагып, ага бекем ишеним өрчүтүү мүмкүн эмес (Мт 6:24; Мр 8:36).

ВИДЕОНУ көрсөт. «Жок болуп кете турган нерселерге таянуудан сак болгула! Байлык». Анан угармандардан сура:

  •   Накыл сөздөр 23:4, 5те жазылгандар сага туура чечим чыгарганга кантип жардам берет?

8. Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсү

Корутунду (3 мүн.) |  47-ыр жана тиленүү