КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
JW Library программасын колдонуп жатасыңарбы?
JW Library — Ыйык Китепти, адабияттарды, аудио-видеопрограммаларды телефонго, планшетке жана компьютерге жүктөп алууга шарт түзгөн акысыз программа (програмдык жабдык).
АНЫ КАНТИП ОРНОТСО БОЛОТ? Интернетке кирип, JW Library программасын орнотуп алсаңар болот. Ал программаны электрондук каражаттардын баарына орнотуу мүмкүн. Интернетке туташып турганда программаны ачып, керектүү адабияттарды, тасмаларды жана башкаларды жүктөп алсаңар болот. Эгер үйдө Интернет жок болсо, балким, Интернети бар Падышалык залына, коомдук китепканаларга же кафелерге барып жүктөп алаттырсыңар. Электрондук каражатыңарга жүктөп алган адабияттарды Интернетсиз эле колдоно аласыңар. JW Library программасына жаңы адабияттар кошулуп тургандыктан, аларды жүктөп алыш үчүн жана программаны жаңыртыш үчүн мезгил-мезгили менен Интернетке туташып турушуңар керек болот.
АНЫ ЭМНЕ ҮЧҮН ОРНОТУП АЛГАН ЖАКШЫ? JW Library программасы өздүк изилдөөдө, жыйналыш жолугушууларында колдонууга аябай ыңгайлуу. Ошондой эле ал кызматта, өзгөчө, расмий эмес күбөлөндүрүп калганда ийгиликтүү кабар айтууга сонун шарт түзөт.