Көрүнүшү өзгөргөн учурда асмандагы Атасы аны колдоорун айтканын укканда Исанын кандай сезимде болгонун элестетип көрсөңөр. Бул ага алдыда боло турган кыйынчылыктарга тике караганга күч бергени шексиз. Ал аян ошондой эле Петирге, Жакыпка жана Жаканга күчтүү таасир эткен. Иса чынында эле Машаяк болгон жана алардын аны укканы туура болгон. Ал окуя ошондон 32 жылдай өткөндөн кийин деле Петирдин эсинде болчу. Петир ал окуянын «пайгамбарлык сөзгө» болгон ишенимин кантип бекемдегенин унуткан эмес (2Пт 1:16—19).
Биз ал таасирдүү аянды өз көзүбүз менен көрбөсөк да, анын аткарылганына күбө болуудабыз. Иса азыр кубаттуу Падыша катары бийлик жүргүзүп жатат. Ал жакында «акыркы жеңишке» жетип, адил адамдарга жаңы заманда жашоого жол ачат (Аян 6:2).
Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын аткарылганын көрүп жатканыңар ишенимиңерди кандайча бекемдеди?