Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Кудай кошкондор

Кудай кошкондор

Муса пайгамбарга берилген Мыйзам боюнча ажырашууну каалаган эркектен юридикалык документ даярдоо талап кылынган. Бул шашып ажырашуудан сактаган. Бирок Иса пайгамбардын күндөрүндө диний жетекчилер ажырашууну жеңилдетип коюшкан. Эркек аялы менен ар кандай себеп менен ажыраша алмак (nwtsty, Мр 10:4, изилдөө үчүн маалымат: «талак кат»; nwtsty, Мр 10:11, изилдөө үчүн маалымат: «Аялы менен ажырашып», «аялына каршы ойноштук кылган болот»). Иса пайгамбар никени Жахаба өзү негиздеп, бекиткенин айткан (Мр 10:2—12). Күйөө менен аял «бир дене» болуп, алардын шериктиги туруктуу болушу керек болчу. Ушул эле билдирүү жазылган Матай китебине ылайык, Ыйык Китептеги ажырашууга жол берген жападан жалгыз негиз — «бузуктук» (Мт 19:9).

Бүгүнкү күндө көптөр никеге карата Исаныкындай эмес, фарисейлердикиндей көз карашта. Үй-бүлөдө кыйынчылыктар пайда болсо эле, көптөр ажырашууга шашышат. Иса пайгамбардын жолун жолдогон жубайлар болсо жубайына берген антына олуттуу карашат жана кыйынчылыктарды Ыйык Китептеги принциптерди колдонуп чечүүгө аракет кылышат. «Сүйүү жана урмат-сый үй-бүлө түйүнүн бекемдейт» деген видеону көргөндөн кийин төмөндөгү суроолорго жооп бергиле:

  • Үй-бүлөңөрдө Накыл сөздөр 15:1деги принципти кантип колдоно аласыңар жана бул эмне үчүн маанилүү?

  • Накыл сөздөр 19:11деги принципти колдонуу көйгөйлөрдү алдын алганга кандайча жардам берет?

  • Үй-бүлөңөр бузулганы жатса, ажырашсамбы деп ойлонгондун ордуна, кайсы суроолор тууралуу ойлонушуңар керек?

  • Матай 7:12деги принципти колдонуу жакшы күйөө же жакшы аял болгонго кандайча жардам берет?