Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Балдарыңарды Машаяктын жолун жолдоого даярдагыла

Балдарыңарды Машаяктын жолун жолдоого даярдагыла

Исанын жолун жолдогон ата-энелер үчүн баласынын «өзүнөн баш тартып, жаза устунун алып», Исанын жолун жолдоп жатканын көрүүдөн өткөн кубаныч жок (Мр 8:34; 3Жн 4). Балдарын Исанын жолун жолдогонго, өмүрүн Жахабага арнап, чөмүлүүгө даярдаш үчүн ата-энелер эмне кылса болот? Балдардын олуттуу кадам жасоого, чөмүлүүгө, даяр экендигин эмнеден билүүгө болот?

«Жахабанын эркин аткаруу үчүн уюшулганбыз» китебинин 165, 166-беттериндеги «Кудайдын жолундагы ата-энелерге» деген бөлүкчөнү окуп, төмөнкү суроолорду карап чыккыла:

  1. Шакирт болуу эмнени билдирет?

  2. Ата-энелер балдарына эмнени окутушу керек?

  3. Чөмүлүүгө жарактуу болуш үчүн балдар төмөнкү аяттарда айтылгандарды жашына жараша кантип аткарышы керек?