КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ | КЫЗМАТТА КУБАНЫЧЫҢАРДЫ АРТТЫРГЫЛА
Суроо берүү
«Бактылуу Кудай» Жахаба кызматтан куба- ныч алышыбызды каалайт (1Тм 1:11). Кызматта чеберчилигибизди арттырганга аракет кылсак, кубанычыбыз артат. Суроо берүү адамдын кызыгуусун туудурат жана сөз баштаганга шарт түзөт. Суроолор адамга ой жүгүрткөнгө түрткү берет (Мт 22:41—45). Суроо берип, жообун уксак: «Сенин айткандарың мен үчүн маанилүү»,— дегендей эле болобуз (Жкп 1:19). Адамдын жообу бизге сөздү туура нукка бурганга жардам берет.
«ШАКИРТ ДАЯРДООДОН КУБАНЫЧ АЛГЫЛА. ЧЕБЕРЧИЛИГИҢЕРДИ АРТТЫРГЫЛА. СУРОО БЕРҮҮ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
-
Лилинин кандай жакшы сапаттары болгон?
-
Чындап көңүл буруп жатканын көрсөтүш үчүн Ниита кандай суроолорду колдонду?
-
Лилинин кызыгуусун арттырыш үчүн Ниита кандай суроолорду берди?
-
Лилиге ой жүгүрткөнгө жардам бериш үчүн Ниита суроолорду кантип колдонду?