КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Берилгендик сактабагандардай болбогула
Корак, Датан, Абырам Жахаба бекиткен тартипке каршы чыгуу менен ага берилгендик сакташкан эмес. Ошондуктан Жахаба аларды да, аларды колдогондорду да жок кылган (Сн 16:26, 27, 31—33). Жахабага болгон берилгендигибиз кандай жагдайларда сыналат? Ыйык Китептеги кайсы инсандардын окуясы берилгендик сактабагандардай болбогонго жардам берет?
«БЕРИЛГЕНДИГИН САКТАБАГАНДАРДАЙ БОЛБОЙЛУ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
-
Надьянын берилгендиги кантип сыналды? Ага берилгендик сактаганга кимдин окуясы жардам берди?
-
Нааразы болгон бир тууганыбыздын берилгендиги кантип сыналды? Ага кимдин окуясы жардам берди?
-
Жыйналыштагы аксакалдын берилгендиги кантип сыналды? Ага кимдин окуясы жардам берди?
-
Мектепте окуган ишенимдешибиздин берилгендиги кантип сыналды? Ага кимдин окуясы жардам берди?