КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Кыйынчылыктар түбөлүккө созулбайт
Кыйынчылыктар, өзгөчө, узакка созулуп кеткенде көңүлүбүз чөкпөй койбойт. Дөөтү акыр-аягы Шабул падышанын куугунтугунан кутуларын жана Жахаба убада кылгандай, падыша болорун билген (1Шм 16:13). Ишеними ага сабыр сактап, Жахабаны күткөнгө жардам берген.
Башыбызга кыйынчылык түшкөндө жагдайды жеңилдетиш үчүн билимибизди, ой жүгүртүү жөндөмүбүздү колдонуп, тапкычтык кылышыбыз мүмкүн (1Шм 21:12—14; Нкл 1:4). Бирок Ыйык Китептеги принциптерге ылайык иш кылып, колубуздан келгендин баарын кылсак да, көйгөйлөр толугу менен чечилбеши ыктымал. Андайда сабырдуу болуп, Жахабаны күтүшүбүз керек. Жакында ал бизди бардык азаптан арылтып, көзүбүздөн «бардык жашты аарчыйт» (Аян 21:4). Кыйынчылыктарыбызды Жахаба кийлигишип чечип береби же башка себептен улам чечилеби, бир нерседен шектенбесек болот: кыйынчылыктар түбөлүккө созулбайт. Бул бизди бир аз болсо да жубатат.
«БӨЛҮНГӨН ДҮЙНӨДӨГҮ БИРИМДҮҮ ЭЛ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
-
Кошмо Штаттардын түштүгүндөгү ишенимдештерибиз кандай кыйынчылыктарга туш болушкан?
-
Алардын чыдамдуулугу жана ортосундагы сүйүү эмнеден көрүнгөн?
-
Алар маанилүүрөөк нерселерге кантип көңүл топтошкон? (Фп 1:10)