Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ | КЫЗМАТТА КУБАНЫЧЫҢАРДЫ АРТТЫРГЫЛА

Кызыгуучуларга жаман адаттардан арылганга жардам бергиле

Кызыгуучуларга жаман адаттардан арылганга жардам бергиле

Адеп-ахлактык жактан таза болгондор гана Жахаба менен ынак боло алышат (1Пт 1:14—16). Ыйык Китепти изилдеп жаткандардын жаман адаттарынан арылганы үй-бүлөсүнө, ден соолугуна жакшы таасир этиши, акчасы да үнөмдөлүшү мүмкүн.

Кызыгуучуларга Жахабанын адеп-ахлак нормаларын, аларды эмне үчүн бергенин, ал нормаларга ылайык жашоонун кандай пайдалары бар экенин айкын түшүндүрүп бергиле. Алардын ой жүгүртүүсүн туура нукка бурганга басым жасагыла. Натыйжада алар Жахабага жаккан иштерди кыла башташат (Эф 4:22—24). Кан-жанына сиңип калган жаман адаттарынан Жахабанын жардамы менен арыла аларына ынандыргыла (Фп 4:13). Азгырылганда Жахабадан жардам сурап жалындуу тиленгенге үйрөткүлө. Азгырылышы мүмкүн болгон жагдайларды аңдаганга жана алардан оолак болгонго жардам бергиле. Жаман адаттарын жакшыларга алмаштырганга үндөгүлө. Кызыгуучулардын Жахабанын жардамы менен өзгөргөнүн көрүү кубанычка бөлөйт.

«ЫЙЫК КИТЕПТИ ИЗИЛДЕП ЖАТКАНДАРГА ЖАРДАМ БЕРГИЛЕ. ЖАМАН АДАТТАРДАН АРЫЛУУ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООЛОРГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

  • Аксакалдар жана Ниита Лилинин жаман адаты бар экенин билгенде аны оңолбойт деп кол шилтеп коюштубу?

  • Ниита Лилиге андан ары кантип жардам берди?

  • Лили Жахабадан кантип жардам издеди?