КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ
Ыйык Китепти күндө окуп, акылмандык издегиле
Кудайдын акылмандыгы катылган кенч сымал абдан баалуу (Нкл 2:1—6). Акылмандык бизге кыраакы болгонго, туура чечимдерди чыгарганга жардам берет. Ал бизди коргойт, ошондуктан аны баарынан маанилүү десе болот (Нкл 4:5—7). Кудайдын Сөзүндө катылган кенчти казып алыш үчүн күч-аракет жумшоо талап кылынат. Ан үчүн эң алгач Ыйык Китепти «күнү-түнү», башкача айтканда, күн сайын окуй башташыбыз керек (Жш 1:8). Ыйык Китепти үзгүлтүккө учуратпай жана аны рахаттанып окуганга эмнелер жардам берерине көңүл бургула.
«КУДАЙДЫН СӨЗҮНӨ БОЛГОН СҮЙҮҮСҮН ӨСТҮРГӨН ЖАШТАР» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООГО ЖООП БЕРГИЛЕ:
Бул жаштарга Ыйык Китепти күндө окууга эмнелер тоскоолдук кылган жана эмнелер жардам берген?
-
Мелани
-
Самуэл
-
Селина
-
Рафаэл
ЫЙЫК КИТЕПТИ ОКУУ ГРАФИГИМ: