Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Ыйык Китепти изилдөөгө байланыштуу видеолорду кантип колдонсо болот?

Ыйык Китепти изилдөөгө байланыштуу видеолорду кантип колдонсо болот?

Бизде ушундай төрт видео бар. Алар кандай максатта чыгарылган?

  • «Эмне үчүн Ыйык Китепти изилдешибиз керек?» (толугу) деген видео бардык адамдардын, алар кайсы динди тутпасын, Ыйык Китепке болгон кызыгуусун арттыруу максатында чыгарылган. Аны көргөндөр жашоодогу маанилүү суроолордун жообун Ыйык Китептен издөөгө түрткү алышат жана ал жооптор жөнөкөй, түшүнүктүү экенине ынанышат. Ошондой эле Ыйык Китепти изилдөө кандайча өткөрүлөрүн көрө алышат.

  • «Эмне үчүн Ыйык Китепти изилдешибиз керек?» (кыскартылганы) деген видео ошол эле видеонун үч эсе кыскартылган түрү. Ал сүйлөшкөнгө көп убактысы болбогон адамдарга арналган.

  • «Ыйык Китепти изилдөө кандайча өткөрүлөт?» деген видео башкалардын Ыйык Китепти акысыз изилдөөгө болгон кызыгуусун арттыруу максатында чыгарылган. Ошондой эле анда изилдөөгө байланыштуу айрым суроолорго жооп берилет жана изилдеш үчүн кимге кайрылса болору айтылат.

  • «Ыйык Китепти изилдөө рахат тартууласын!» деген видео Ыйык Китепти изилдегендерге көрсөтүү максатында чыгарылган. Ал видео тууралуу «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген китептин экинчи бетинде айтылса да, аны «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» деген китепчени изилдеп жатканда да көрсөтсө болот. Видеодо китепченин мазмуну жана изилдөө учурунда эмнелер талкууланары айтылат.

Ар бир видео белгилүү максат менен чыгарылса да, аларды башка ылайыктуу учурларда көрсөтө алабыз же башкаларга жибере алабыз. Биз силерди ал видеолор менен жакшылап таанышып чыгууга жана кызматта натыйжалуу колдонууга чакырабыз.