Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

Кырсык болгондон кийинки жардам

Кырсык болгондон кийинки жардам

Бүгүнкү күндө табигый кырсыктар боло жүргөн нерсеге айланып баратат. Кырсык болгондо жардам берүү иштери жакшы уюштурулганы маанилүү. Ошондуктан Жетектөөчү Кеңеш ар бир филиалда кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү бөлүмүн уюштурган.

Ал бөлүмдөгүлөр табигый кырсык болгону жөнүндө угар замат ал жактагы аксакалдар менен байланышып, жарчылардын эмнеге муктаж экенин аныкташат. Эгер келтирилген зыян өтө чоң болсо жана жергиликтүү жарчылар баарына жардам бергенге чамасы жетпесе, филиал ал жакка атайын үйрөтүлгөн бир туугандарды жөнөтөт. Алар болсо ыктыярчыларды чогултушу же керектүү нерселерди тартуу кылынышын суранышы же болбосо зарыл нерселери сатып алып, таратышы мүмкүн.

Ушундай тартип менен иш кылуунун көп жакшы жагы бар. Бул бир туугандар демилгени өз колуна алып жардам көрсөткөндө пайда болушу мүмкүн болгон кошумча иштерден, түшүнбөстүктөрдөн жана ашыкча чыгымдардан коргойт.

Филиал тарабынан дайындалган бир туугандар жардам көрсөтүү ишине канча каражат жана ыктыярчы керек болорун аныкташат. Жардам берүү иши батыраак жылышы үчүн, алар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө да кайрыла алышат. Ошондуктан, алар суранмайынча, өз алдынча каражат чогултканга, зарыл нерселерди кырсык болгон аймакка жөнөткөнгө же ал жакка барганга болбойт.

Анткен менен биз табигый кырсыктан жапа чеккендерге жардам бергибиз келет (Евр. 13:16). Себеби ишенимдештерибизди жакшы көрөбүз. Анда кантип жардам көрсөтсөк болот? Эң алгач, табигый кырсыктан жабыркаган ишенимдештерибиз үчүн жана аларга көмөк көрсөткөндөр үчүн тиленсек болот. Ошондой эле бүткүл дүйнөлүк иш үчүн тартуу кыла алабыз. Жетектөөчү Кеңештин жетекчилиги астында филиалдар тартууларды кайсы жакка жумшаса жакшыраак болорун эң сонун билишет. Эгер жардам бергибиз келсе, «Жергиликтүү долбоор/курулушта ыктыярчы болууга арызды» (DC-50) толтурсак болот.

«БРАЗИЛИЯНЫ БҮЛГҮНГӨ УЧУРАТКАН СЕЛ» ДЕГЕН ВИДЕОНУ КӨРҮП, БУЛ СУРООГО ЖООП БЕРГИЛЕ:

2020-жылы Бразилияны суу каптаганда, Жахабанын Күбөлөрү көрсөткөн жардам берүү иштери силерди эмнеси менен таасирлентти?