Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1—7-апрель

ЗАБУР 23—25

1—7-апрель

4-ыр жана тиленүү | Кириш сөз (1 мүн.)

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ

1. «Жахаба — менин Койчум»

(10 мүн.)

Жахаба бизди жетектейт (Зб 23:1—3; w05 1/11 24-б., 9, 10-абз.)

Жахаба бизди коргойт (Зб 23:4; w05 1/11 25, 26-б., 13—15-абз.)

Жахаба бизди азыктандырат (Зб 23:5; w05 1/11 27-б., 17, 18-абз.)

Камкор койчу өз койлоруна кам көргөндөй эле, Жахаба да өз кызматчыларына кам көрөт.

ОЙЛОНУП КӨР: Жахаба жеке мага кантип кам көрөт?

2. Рухий берметтер

(10 мүн.)

  • Зб 23:3. «Адилдик жолдору» деген эмне жана алардан чыкпаганга эмне жардам берет? (w11 15/2 24-б., 1—3-абз.)

  • Ушул жумадагы бөлүмдөрдөн кандай рухий берметтерди таптыңар?

3. Ыйык Китепти окуу

КАБАР АЙТУУ ЧЕБЕРЧИЛИГИҢДИ АРТТЫР

4. Сөз баштоо

(3 мүн.) РАСМИЙ ЭМЕС ЖАГДАЙДА КАБАР АЙТУУ. Айлана-чөйрөнү ойлоп сарсанаа болом деген кишиге Ыйык Китептен дем-шык берерлик аят окуп бер (lmd 2-сабак, 5-ой).

5. Кайра баруу

(4 мүн.) ҮЙМӨ-ҮЙ. «Түбөлүккө рахаттанып өмүр сүр!» китепчесин алган кишиге Ыйык Китепти кантип изилдесе болорун көрсөтүп бер (lmd 9-сабак, 3-ой).

6. Шакирт даярдоо

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

54-ыр

7. Чоочундардын үнүн четке кагабыз

(15 мүн.). Талкуу.

Койлор койчусунун үнүн таанышат жана анын артынан ээрчишет. Үнү тааныш эмес чоочундан болсо качышат (Жн 10:5). Ошо сыяктуу эле, бизди жакшы көргөн, ишеничтүү Койчуларыбыздын — Жахаба менен Исанын — үнүн таанып, кулак кагабыз (Зб 23:1; Жн 10:11). Ал эми «анткорлоно сүйлөп» ишенимибизди солгундаткысы келген чоочундардын үнүн четке кагабыз (2Пт 2:1, 3).

Башталыш китебинин 3-бөлүмүндө жер бетинде чоочундун үнү биринчи жолу угулганы баяндалат. Шайтан Обо энени адаштырганда нак жүзүн жашырган. Ага досундай сүйлөп, Жахабанын сөзүн, ниетин бурмалаган. Тилекке каршы, Обо эне анын тилине кирип, өзүн да, үй-бүлөсүн да чоң азапка малган.

Бүгүн Шайтан Жахаба жана анын уюму жөнүндө терс маалыматты, жарым-жартылай чындыкты, карандай калпты таратып келет. Ушундайча ал шек саноонун үрөнүн сепкенге аракет кылат. Андыктан чоочундун үнүн укканда жаа бою качышыбыз керек. Кызыгып бир аз эле угуп койгонубуз да өтө кооптуу. Шайтан Обо энени канча сөз менен эле алдап койгон? (Бш 3:1, 4, 5). Бизди жакшы көргөн киши жакшы эле ниет менен Жахабанын уюму тууралуу терс маалымат айтса, эмне кылабыз?

ВИДЕОНУ көрсөт. «„Чоочундардын үнүн“ четке каккыла». Анан угармандардан сура:

Апасы Жахабанын уюму жөнүндө терс ойлорду айтканда, Лили эмне кылган? Андан эмнени үйрөндүңөр?

8. Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсү

Корутунду (3 мүн.) |  55-ыр жана тиленүү