Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

29-апрель—5-май

ЗАБУР 34, 35

29-апрель—5-май

10-ыр жана тиленүү | Кириш сөз (1 мүн.)

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ

1. «Жахабаны ар убак алкайм»

(10 мүн.)

Дөөтү башынан сыноону кечирип жаткан маалда да Жахабаны даңктаган (Зб 34:1; w07 1/3 24-б., 11-абз.)

Ал өзү менен эмес, Жахаба менен мактанган (Зб 34:2—4; w07 1/3 25-б., 13-абз.)

Анын Кудайды даңктаган сөздөрү жанындагыларды кайраттандырган (Зб 34:5; w07 1/3 26-б., 15-абз.)

Ал Абымелектен кутулгандан кийин, чөлдө ага Шабулга ызаланып жүргөн 400 киши келип кошулган (1Шм 22:1, 2). Дөөтү ушул забурду жазып жатканда ошол кишилер тууралуу ойлонсо керек (Зб 34, башы).

ОЙЛОНУП КӨР: Эмкиде жыйналыштан бирөө менен сүйлөшүп жатканда Жахабаны кантип даңктай алам?

2. Рухий берметтер

(10 мүн.)

  • Зб 35:19. Дөөтүнүн «мени. . . жек көргөндөр бири-бирине көз кысышпасын» деген сөздөрү эмнени билдирет? (w06 1/6 10-б., 2-абз.)

  • Ушул жумадагы бөлүмдөрдөн кандай рухий берметтерди таптыңар?

3. Ыйык Китепти окуу

КАБАР АЙТУУ ЧЕБЕРЧИЛИГИҢДИ АРТТЫР

4. Сөз баштоо

(2 мүн.) РАСМИЙ ЭМЕС ЖАГДАЙДА КАБАР АЙТУУ. Кабар айтканыңа чейин эле маек бүтүп калат (lmd 1-сабак, 4-ой).

5. Кайра баруу

(4 мүн.) РАСМИЙ ЭМЕС ЖАГДАЙДА КАБАР АЙТУУ. (lmd 2-сабак, 4-ой).

6. Эмнеге ишенерибизди түшүндүрүп берүү

(5 мүн.) Демонстрация. ijwfq 59. Тема: Жахабанын Күбөлөрү кайсы майрамды белгилесе болор-болбосун кантип аныкташат? (th 17-сабак).

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

59-ыр

7. Жыйналышта Жахабаны даңктоонун үч жолу

(15 мүн.). Талкуу.

Жыйналышта Жахабаны даңктаганга сонун мүмкүнчүлүктөр бар. Үчөөнө токтололу.

Пикирлешүү. Бирөөлөр менен пикирлешип жатканда Жахабанын жакшылыктары жөнүндө кеп кыл (Зб 145:1, 7). Өзүңө пайдалуу кандайдыр бир ой уктуңбу же окудуңбу? Кызматта кызыктуу окуя болдубу? Кимдир бирөө сени сөзү же иши менен бекемдедиби? Жаратылыштан сени таасирленткен бир нерсе байкадыңбы? Ушунун баары — Жахабанын белеги (Жкп 1:17). Баарлашканга убакыт болуш үчүн жыйналышка бир аз эртерээк бар.

Жооп берүү. Жыйналыштан, жок дегенде, бир жолу жооп бергенге аракет кыл (Зб 26:12). Суроого түз жооп берсең же кошумча ой айтсаң болот. Аятка, сүрөткө байланыштуу ой айтсаң же маалыматты кантип колдонсо болорун айтсаң болот. Башкалар да кол көтөрүшү мүмкүн. Ошон үчүн бир нече жооп даярдап ал. Эгер 30 секунда же андан аз жооп берсең, «Кудайга мактоо курмандыгын» бергенге көбүрөөк кишиде мүмкүнчүлүк болот (Ев 13:15).

Ырдоо. Падышалык ырларын чын жүрөктөн ырда (Зб 147:1). Жыйналыш сайын, айрыкча, жыйналышың чоң болсо, жооп бере албашың мүмкүн. Бирок Жахабаны даңктап дайыма ырдай аласың. Жакшы ырдай албайм деп ойлосоң да, колуңан келгендин баарын кыл. Бул Жахабага жагат! (2Кр 8:12). Жыйналышта ырдалчу ырларды үйдөн ырдап, даярдансаң болот.

ВИДЕОНУ көрсөт. «Уюмубуздун тарыхый мурасы. Ыр белеги (1-бөлүк)». Анан угармандардан сура:

Уюмубуздун соңку тарыхын ала турган болсок, бир туугандар Жахабаны ыр менен даңктоо маанилүү экенин кантип көрсөтүшкөн?

8. Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсү

(30 мүн.) bt 9-бөл., 1—7-абз., 3-бөлүккө кириш сөз жана 70-б., кутуча

Корутунду (3 мүн.) |  2024-жылдын региондук жыйынындагы жаңы ыр жана тиленүү