8—14-апрель
ЗАБУР 26—28
34-ыр жана тиленүү | Кириш сөз (1 мүн.)
1. Дөөтү кынтыксыздыгын кантип чыңдаган?
(10 мүн.)
Дөөтү Жахабадан жүрөгүн тазалашын өтүнгөн (Зб 26:1, 2; w04 1/12 23-б., 8, 9-абз.)
Ал жаман чөйрөдөн качкан (Зб 26:4, 5; w04 1/12 25-б., 12, 13-абз.)
Дөөтү Жахабага сыйынганды жакшы көргөн (Зб 26:8; w04 1/12 26-б., 17, 18-абз.)
Дөөтү жаза басса да, «таза жүрөк менен жүргөн» (1Пд 9:4). Ал Жахабаны жакшы көргөн жана ага бүт жүрөгү менен кызмат кылган. Ошон үчүн Кудайга болгон берилгендиги баарына айкын болгон.
2. Рухий берметтер
(10 мүн.)
-
Зб 27:10. Жакын досубуз таштап кеткендей сезилгенде бул аят кандайча жубатат? (w06 1/8 18-б., 15-абз.)
-
Ушул жумадагы бөлүмдөрдөн кандай рухий берметтерди таптыңар?
3. Ыйык Китепти окуу
(4 мүн.) Зб 27:1—14 (th 2-сабак)
4. Сөз баштоо
(2 мүн.) ҮЙМӨ-ҮЙ. Негизги окутуу куралдарына кирген баракчалардын бирин колдон (th 3-сабак).
5. Кайра баруу
(4 мүн.) ҮЙМӨ-ҮЙ. Мурун барганда таштап кеткен баракчанын акыркы бетиндеги суроону талкуула. Көңүлүн jw.org сайтына буруп, ал жакта эмнелер бар экенин көрсөт (lmd 9-сабак, 3-ой).
6. Сөз
(5 мүн.) lmd 1-тиркеме, 3-ой. Тема: Табият калыбына келтирилет (th 13-сабак).
128-ыр
7. Адеп-ахлактык тазалыгын сактаган өспүрүмдөр
(15 мүн.). Талкуу.
Кудайдын жаш кызматчылары адеп-ахлактык тазалыгын сакташ үчүн күрөшүшү керек. Жеткилең эмес болгондун айынан жана жаш кезде жыныстык каалоолор күчтүү болгондуктан, алар тунук ой жүгүртө албай калышы мүмкүн (Рм 7:21; 1Кр 7:36). Аларга карама-каршы жыныстагылар менен да, өзүнүн жынысындагылар менен да жыныстык мамиледе болууга кысым көрсөтүлөт. Ошого да туруштук бериши керек (Эф 2:2). Биз өзүн таза сактап жашап жаткан жаштарыбыз менен сыймыктанабыз!
ВИДЕОНУ көрсөт. «Өспүрүм курагым. Жыныстык катнашта болууга кысым көрсөтүлгөндө кантип туруштук бере алам?» Анан угармандардан сура:
-
Кори менен Кэмрин кандай кысымга туш болушкан?
-
Аларга кынтыксыздыгын сактаганга эмне жардам берген?
-
Ошондой жагдайларда сага Ыйык Китептеги кайсы принциптер жардам берет?
8. Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсү
(30 мүн.) bt 8-бөл., 5—12-абз.