Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

28-апрель—4-май

НАКЫЛ СӨЗДӨР 11

28-апрель—4-май

90-ыр жана тиленүү | Кириш сөз (1 мүн.)

КУДАЙДЫН СӨЗҮНДӨГҮ КЕНЧ

1. Андай сөздөрдү айтпа!

(10 мүн.)

Жакыныңды жаралай турган сөздөрдү сүйлөбө (Нкл 11:9; w02 15/5 26-б., 4-абз.)

Бөлүп жарган сөздөрдү айтпа (Нкл 11:11; w02 15/5 27-б., 2, 3-абз.)

Купуя сырды ачпа (Нкл 11:12, 13; w20.03 22-б., 12, 13-абз.)

ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ ҮЧҮН: Исанын Лука 6:45те айткандары жүрөк жаралаган сөздөрдү сүйлөбөгөнгө кандайча жардам берет?

2. Рухий берметтер

(10 мүн.)

  • Нкл 11:17. Боорукер болгонубуздун кандай пайдасы бар? (g20.1 11-беттеги кутуча)

  • Ушул жумадагы бөлүмдөрдөн кандай рухий берметтерди таптыңар?

3. Ыйык Китепти окуу

КАБАР АЙТУУ ЧЕБЕРЧИЛИГИҢДИ АРТТЫР

4. Сөз баштоо

(4 мүн.) РАСМИЙ ЭМЕС ЖАГДАЙДА КАБАР АЙТУУ. Маектешиңе жакында эле жыйналыштан уккандарыңды айтып бериш үчүн мүмкүнчүлүк изде (lmd 2-сабак, 4-ой).

5. Кайра баруу

(4 мүн.) РАСМИЙ ЭМЕС ЖАГДАЙДА КАБАР АЙТУУ. Негизги окутуу куралдарына кирген видеолордун бирин көрсөт (lmd 8-сабак, 3-ой).

6. Шакирт даярдоо

(4 мүн.) ЭЛ КӨП ЖЕРДЕ КАБАР АЙТУУ. Ыйык Китепти изилдөөнү сунушта жана ал кантип өткөрүлөрүн көрсөтүп бер (lmd 10-сабак, 3-ой).

КУДАЙДЫН КЫЗМАТЧЫЛАРЫНЫН ЖАШООСУ

157-ыр

7. Тилиң менен тынчтыкты талкалаба

(15 мүн.). Талкуу.

Жеткилең эмес болгондуктан тилибизден жаңылбай койбойбуз (Жкп 3:8). Ошентсе да айткан сөздөрүбүздүн кесепетин ойлосок, кийин бармагыбызды тиштеп кала турган сөздөрдү сүйлөгөндөн абайлайбыз. Жыйналыштын ынтымагын ыдыратып коюшу мүмкүн болгон айрым нерселер булар:

  • Орунсуз мактануу. Киши өзүн кечке эле мактай берсе, бул атаандаштыкка, көрө албастыкка алып келиши мүмкүн (Нкл 27:2).

  • Жалгандык. Буга калп айтуу эле эмес, бирөөнү атайлап адаштырыш үчүн айтылган сөздөр да кирет. Кымындай эле болгон калп чындыкты бурмалап, кадырыбызды түшүрүшү ыктымал (Нс 10:1).

  • Ушак. Бул кимдир бирөө же анын жеке жашоосу жөнүндө негизсиз, такталбаган маалыматтарды айтууну билдирет (Тм1к 5:13). Бул уруш-талашка, бөлүнүүчүлүккө да алып келиши мүмкүн.

  • Ачуу менен айтылган сөздөр. Кээде сезимдерибизди башкара албай, ачууланып сүйлөп алышыбыз мүмкүн (Эф 4:26). Натыйжада эки тараптын тең жүрөгү жараланышы мүмкүн (Нкл 29:22).

ВИДЕОНУ көрсөт. «Тынчтыкты бузган нерселерди „чечип“ салгыла» (үзүндү). Анан угармандардан сура:

  • Тилибизди туура эмес колдонгонубуз жыйналыштын тынчтыгын кандайча бузушу мүмкүн?

Ортодо тынчтык кантип кайра калыбына келгенин билиш үчүн «Тынчтыкты издеп, ага умтулгула» деген видеону өз алдыңарча көргүлө.

8. Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсү

(30 мүн.) bt 25-бөл., 14—21-абз.

Корутунду (3 мүн.) | 2025-жылдын региондук жыйынындагы жаңы ыр жана тиленүү