Аюп пайгамбар сыноо учурунда кынтыксыздыгынан жазган эмес
Аюп пайгамбар ысрайылдыктар Мисирдин кулчулугунда жүргөн кезде Ус деген шаарда жашаган. Ал ысрайылдык болбосо да Жахабага кызмат кылган. Ал үй-бүлөсү абдан чоң, бардар турган, элдин арасында урмат-сыйга ээ киши болгон. Аюп пайгамбар кадыр-барктуу кеңешчи жана калыс сот болгон. Ошондой эле кедей-кембагалдарга көп жардам берген. Ооба, ал кынтыксыз киши болгон.
Аюп пайгамбар Жахаба ал үчүн баарынан маанилүү экенин далилдеген
-
Шайтан анын кынтыксыз киши экенин билген. Ал анын Жахабага баш ийип жатканына эмес, кандай ниет менен баш ийип жатканына шек туудурган
-
Шайтан ал Жахабага өз кызыкчылыгын көздөгөндүктөн гана кызмат кыларын айткан
-
Шайтан көтөргөн суроо чечилиш үчүн, Жахаба ага ишенимдүү кызматчысын сынап көрүүгө жол берген. Ошондо Шайтан анын бүт жашоосуна бүлгүн салган
-
Ал кынтыксыздыгынан жазбай койгондо, Шайтан негизи эле адам аттуунун баары кынтыксыздыгын сактай аларына шек туудурган
-
Ал күнөө кетирген эмес, Кудайды күнөөлөгөн да эмес